Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-ноябры № 675
Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-1-пунктун, 54-беренесинин 8-1-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 88 (3642) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |