Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 675 токтому менен бекитилди) |
Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө
ашырган, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы
алган маданият кызматкерлерин кызмат
ордуна дайындоо жана кызмат ордунан
бошотуу тартиби жөнүндө
жобо
1. Негизги жоболор
1. Бул Жобо "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-1-пунктуна, 54-беренесинин 8-1-пунктуна ылайык иштелип чыккан жана кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартибин аныктайт.
2. Кызматтык ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырган жана жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган маданият кызматкерлерин (мындан ары - кызматкер) кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу маселелери "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-1-пунктуна жана 54-беренесинин 8-1-пунктуна ылайык шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчысынын компетенциясына кирет.
2. Кызматкерлер үчүн квалификациялык талаптар
3. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомунда аныкталган квалификациялык талаптар коюлат.
Кызмат ордуна дайындоого жана ээлеген кызмат ордунан бошотууга ыйгарым укук берилген кызмат адамы жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен аныкталган кызмат ордуна дайындоодо квалификациялык талаптарды бузуу фактылары аныкталган учурда мыйзамда аныкталган тартип жоопкерчилигин тартат.
4. Талапкерлердин иш стажын жана тажрыйбасын ырастоо эмгек китепчесиндеги жазуулардын негизинде аныкталат.
5. Талапкердин тиешелүү билим деңгээли белгиленген үлгүдөгү документ (диплом) менен ырасталат. Зарылдыгына жараша башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
3. Кызмат орундарына талапкерлер менен
иштөө, ээлеген кызмат ордуна дайындоо,
аттестация өткөрүү жана бошотуу тартиби
6. Кызмат орундарына талапкерлердин тиешелүү чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларды, алардын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик жана методикалык документтерди билүү деңгээли аңгемелешүү жолу менен аныкталат.
7. Аңгемелешүү ошондой эле талапкердин демилгелүүлүгүнө, командада жана адамдар менен иштөө жөндөмүнө, жоопкерчиликке, эмоционалдык туруктуулукка, түз жана кайтарым байланыш түзө билүүгө, өз оюн айта билүүгө, угууга, стратегияларды, тактикаларды жана методдорду иштеп чыгууга, белгилүү бир маанилүү максаттарга жетүү үчүн алардын биргелешкен ишин уюштурууга багытталат.
8. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында белгиленген кызмат орундарына талапкерлердин кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн аныктоо боюнча аңгемелешүүгө шаардын мэри/айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан тиешелүү аймактагы маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси же өкүлү чакырылышы мүмкүн.
9. Аттестациядан өтө турган адамдардын кызмат ордуна талапкерлердин документтерин чогултуу жана даярдоо ушул Жобонун 3-пунктунун талаптарын сактоо менен мэриянын/айыл өкмөтүнүн персонал менен иштөө кызматы/кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Кызмат ордуна талапкер тарабынан анын документтеринде туура эмес маалыматтарды жашыруу фактылары табылганда кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Мындай талапкерди кызмат ордуна дайындоого жол берген кызмат адамдары талапкердин документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместигине карабастан мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
11. Кызматкердин кесиптик билимдеринин жана көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайык келишин аныктоо, кесиптик чеберчилигинин жана квалификациясынын өсүшүнө дем берүү, чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, кызмат боюнча көтөрүлүү максатында кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жободо аныкталган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен жогоруда аталган Жобого ылайык түзүлгөн аттестациялык комиссиянын курамына тиешелүү аймактагы маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү милдеттүү түрдө киргизилет.
12. Кызматкерлерди кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Талапкерлерди кызмат ордуна дайындоо жана аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу тиешелүү шаардын/айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин чечими менен буйрук формасында таризделет.