Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/8
Көк-Жар айылынын суу башатын ондоо иштерине өздүк салым катары 360 000 сом бөлүү жөнүндө
Көк-Жар айылынын ичүүчү таза суунун башатына суу тазалоочу тундурмаларды ондоо үчүн даярдалып жаткан долбоорго өздүк салым катары 360 000 сомду айыл аймактын бюджетинен бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Жар айылынын ичүүчү таза суунун башатына суу тазалоочу тундурмаларды ондоо үчүн даярдалып жаткан долбоорго өздүк салым катары 360 000 (үч жүз алтымыш мин) сомду сом айыл аймактын бюджетинин өздүк салымдар беренесинен бөлүнсүн.
2.Долбоор тиешелүү жактардан жактырылган учурда тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |