Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2023-жылдын 16-мартындагы № 13-1

“Сумсар жайыт комитетинин 2022-ж аткарган жумуштары, 2023-жылга бюджетин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө“

Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы, Сумсар жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сумсар жайыт комитетинин 2022-ж аткарган жумуштары канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Сумсар айыл Өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин бюджети 2023-жылга киреше бөлүгү 224,050 мин сом, чыгаша бөлүгү 224,050 мин сом бекитилсин.

3. Сумсар жайыт комитетинин 1-жылга малга төмөнкүдөй салык тарифтери бекитилсин:

-Бир баш иири мүйүздүү малга-40 сом.

-Бир баш жылкыга-40 сом.

-Бир баш кой, эчкиге-10 сом.

-Жай мезгилинде айылда калып кеткен малдарга-100 сом.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Сумсар жайыт комитетинин төрагасы С.Торубаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин Жер, жайыт, архитектура, экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.

7. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К.М.Эргешов