СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2023-жылдын 16-мартындагы № 13-2
“Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2022-ж аткарган жумуштары, 2023-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы, Сумсар –Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2022-ж аткарган жумуштары канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын 2023-жылга иш-планы бекитилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Сумсар-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Назаровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин Таза-суу,тазалык, жолдор, жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К.М.Эргешов |