СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2023-жылдын 15-февралындагы № 12-4
“Сумсар айыл аймагынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө“
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы Сумсар айыл аймагынын 2023-жылдын бюджетин бекитуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын бюджети 2023 жылга киреше бөлүгү 12140,4 миң сом, чыгаша бөлүгү 12140,4 миң сом бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кеңешинин, Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана муниципалдык мүлк иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык кеңешинин төрагасы: |
| К.М.Эргешов |