Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 40
2025-2027-жылдарга Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн прогнозунун долбоору жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп чыгып, 2025-2027-жылдарга Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн прогнозунун долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2025-2027-жылдарга Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн прогнозунун долбоору төмөндөгүдөй сунушталсын:
– 2025-жылга – 84100,5 миң сомго
– 2026-жылга – 87605,1 миң сомго
– 2027-жылга – 91977,1 миң сомго
2. Долбоор алгачкы вариантында Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |