Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/10
Акча каражат бөлүү жөнүндө
Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебине, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын тактоо иштерин акысын төлөөгө, аймактын айылдардагы каналдарды инвентаризациялоо иштерине, Көк-Жар айылындагы каналдарга көпүрөө салуу үчүн айыл аймактын бюджетинен акча каражат бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин жер төлөөсүндөгү жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштеринин чыгымдарын төлөөгө 60000 (алтымыш мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн.
2. “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан жүргүзүлгөн тактоо иштеринин чыгымдарын төлөөгө 700 000 (жети жүз мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн.
3. Ормон-хан айыл аймагынын айылдардагы каналдарды инвентаризациялоо иштеринин чыгымдарын төлөөгө 300 000 (үч жүз мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн
4. Көк-Жар айылындагы Т.Төпө уулу көчөсүнө көпүрөө салуу үчүн көпүрөө шакекчелерди алууга 85 000 (сексен беш мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн
5. Кара-Күнгөй айылындагы АТА атындагы бала бакчасынын ондоо иштерине кошумча болуп 100 000 (жүз мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн
6. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |