Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/11
Жаны-Жол айылындагы кичи футболдук аянтча жөнүндө
Жаны-Жол айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны чарба жүргүзүү укугу менен Жаны-Жол айылынын тургуну Ташыкеев Молдокылыч Төрөкелдиевичке өткөрүп берүү туралуу депутаттардын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жаны-Жол айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны чарба жүргүзүү укугу менен Ташыкеев Молдокылыч Төрөкелдиевичке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кичи футболдук аянтчаны он абалда кармоо, коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөө жагы Ташыкеев Молдокылыч Төрөкелдиевичке жүктөлсүн.
3. Ташыкеев Молдокылыч Төрөкелдиевич менен келишим түзүп, өткөрүп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |