Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 39
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Ф.К.Нурманбетованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдалануу жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобосуна, Айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 4-июнундагы протоколуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объектилерди пайдалануу жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко бекитилген Миң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги объектилерди пайдалануу жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке жана аткарууга алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Т.Булазовага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |