Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/12
Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга
жер аянтын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга 0,03 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берүүтуралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айылынын №11 ҮДТга кошумча имарат курууга 0,03 га жер аянтын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде жер аянтын берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |