Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/14
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Көк-Жар АА ишмердүүлугү жөнүндө
АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча мурдагы Көк-Жар АА АКИА АК төрагасы М.Монкоевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. АИД-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Көк-Жар АА АКИА АК төрагасы М.Монкоевдин маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Ормон-Хан айыл өкмөт башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жай, инвестиция тартуу жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |