Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 1-ноябры № 81-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №60-нпа «КР КЧ 31-08:2022 «Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери», КР КЧ 52-02:2022 «Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор» жана КР КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
«Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2022-жылдын 26-декабрындагы № 60-нпа «КР КЧ 31-08:2022 «Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери», КР КЧ 52-02:2022 «Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор» жана КР КЧ 53-01:2022 «Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Мамкурулуштун Курулуш башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Директор |
| Н.К. Орунтаев |