Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/15
Суу башаттарына видео көзөмөл орнотууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Суу башаттарына видео көзөмөл орнотууга жана пожарный щит алууга айыл аймактын бюджетинен акча каражат бөлүү туралуу «Кочкор» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери И.Мавлютбек уулунун жана айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагында жайгашкан айылдарынын суу башаттарына видео көзөмөл орнотууга жана өрт коопсуздукту сактоо үчүн атайын щит орнотууга 256 000 (эки жүз элүү алты мин) сом айыл аймактын бюджетинен бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы «Кочкор» муниципалдык ишканасынын директору А.Аситовго жүктөлсүн.
3. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |