Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августундагы № 1
“Кичи ГЭС куруу жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнө түшкөн “Сапат-электро.КТ” ЖЧКсынын ГЭС куруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “Сапат Электро.КТ” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.
1. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 5 жылдык мөөнөт менен 0,20 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан “Сапат энерго КТ” ЖЧК сынын жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун ,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин
2. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 0,20 га жер аянтына болгон тийиштүү иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана иш кагаздарын даярдоо жагы “Сапат Электро.КТ” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жонундо” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын расмий www:Сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |