Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/17
Кочкор айылдык кенешинин 23-май 2023-жылдагы * Кочкор айыл аймагынын Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө №2/8 Токтомуна
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор айылдык кенешинин 23-май 2023-жылдагы *Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө* №2/8 Токтомуна толуктоолорду киргизүү туралуу АИД-3 КК долбоорунун өкүлү Э.Токоеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кенешинин 23-май 2023-жылдагы *Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө* №2/8 Токтому менен бекитилген Жобонун *Муниципалдык мүлктү ижарага түз берүү* №2 бөлүмү *Муниципалдык менчик Кыргыз Республикасында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген ар кандай долбоорлордун жана айыл өкмөтүнүн макулдашуулардын алкагында белгиленген тартипте тандалган өнөктөшкө берилет* деген сөздөр менен толукталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |