Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №3
«Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы “Борбордук “Шахтер” стадионун реконструкциялоого республикалык бюджеттен кошумча 76,0 миллион сом акча каражатын бөлдүрүү тууралуу» №01-21/2747 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы “Борбордук “Шахтер” стадионун реконструкциялоого республикалык бюджеттен кошумча 76,0 миллион сом акча каражатын бөлдүрүү тууралуу» №01-21/2747 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 11.09.2024-жылдагы “Борбордук “Шахтер” стадионун реконструкциялоого республикалык бюджеттен кошумча 76,0 миллион сом акча каражатын бөлдүрүү тууралуу» №01-21/2747 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардагы борбордук “Шахтер” стадионун реконструкциялоого республикалык бюджеттен кошумча 76,0 (жетимиш алты) миллион сом акча каражатын бөлдүрүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |