Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-августу № 18/18
Муниципалдык менчикти М.Ташыкеевке ижарага
берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Ташыкеев Молдокылыч Торокелдиевичке Машина зерно очиститель комбинированная, метатель зерно самопередвижной, зернодробилка, комбикорм техникаларын экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
3. Бизнес-өнөктөш " Ташыкеев Молдокылыч Торокелдиевич "өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын жана ижарага алынган мүлктүн максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
Төрага | А. Сагынбек уулу |