Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясынын
2024-жылынын 13-сентябры №4
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө».
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХХ чакырылышынын кезексиз 30 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын №10 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын 11.09.2024-жылдагы № 01-04/86 кайрылуу катын эске алып, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын “Таш-Көмүр шаары боюнча 2024-жылга катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүнүн бааларын (тарифтерин) көтөрүп, карап берүү тууралуу” №10 токтомунун 2-пунктунун 3-пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоо киргизилсин.
· мекеме-ишканалар жана жеке секторлорго 1 м3 таштанды үчүн – 223 сом 82 тыйын;
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |