Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августундагы № 2
“Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнө “Кыргыз Энерго” ЖЧК сынын ГЭС куруу боюнча түшкөн сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Чандалаш айылындагы Чандалаш дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасынан жалпы 4,0423 га жер аянты айыл чарба багытындагы жер аянтынан “Кыргыз Энерго”ЖЧКсына (жайыт 4,0423 га) жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн Кыргыз Мамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 2022-жылдын 02-августундагы №01-13/665 аныктамасына ылайык бул жерлердин категориясы боюнча “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. ГЭС куруу үчүн бөлүнүп берилген 4,0423 га жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын КРнын Мыйзамдарына ылайык тийешелүү райондук мекемелерден, компетентүү органдардан суралсын жана иш кагаздарын даярдоо жагы “Кыргыз Энерго” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын расмий www:сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |