Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 2
“Чаткал айыл аймагында мүлк салыгын кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 3-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө ылайык “Мүлк салыгын” кабыл алуу жөнүндө маселени талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чаткал Айылдык Кенешинин туруктуу “Бюджет” комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айыл айманында 2023-жылдан мүлк салыгы” кабыл алынсын.
3. Мүлк салыгын эсептеп жыйноо жагы Чаткал айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |