Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-декабрындагы № 3
“Чаткал тазалык таза суу” МИнын тарифтер боюнча сунушун кароо жөнүндө”
“Чаткал тазалык таза суу” МИнын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чаткал тазалык таза суу” муниципиалдык ишканасынын сунуштары жактырылсын.
2. Чаткал айылдык кеңешинин 23-июнь 2022-жылдагы № 13-сессиясында бекитилген тарифтердин реестрине өзгөртүү киргизилип бекитилсин
3. Таштанды чыгаруу акысы Чаткал айыл аймагынын бардык айылдарында ар бир кожолукка бир айга 100 сомдон деп бекитилсин.
4. Жаңы-Базар айылында суу-түтүгүнөн пайдалангандар үчүн суунун акысы 1м.кубу-12.1сомдон бекитилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Чаткал тазалык таза суу” МИнын жетекчиси И.Барпиевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |