Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-декабрындагы № 5
Чаткал айыл Өкмөтүнүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын сунушу боюнча Чаткал районунун отрибуттарынын бири “желегин” өзгөртүү сунушун кароо жөнүндө
Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы Чаткал районунун отрибуттарынын бири “желегин” өзгөртүү боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын, Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы, Чаткал айыл Өкмөтүнүн сунуштары эске алынсын.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталган Чаткал районунун “желегинин” үлгүсү жактырылсын.
3. Чаткал районунун “желеги” Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталган үлгүсү Чаткал районунун “желеги” катары бекитүү жагы райондук мамлекеттик администрациясына калтырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий www: сhatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Оморовго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |