Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-декабрындагы № 6
“Райондук өнүктрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнүн Жаңы Базар айылындагы көчкү түшкөн участокко тосмо куруу үчүн күйүүчү май сатып алууга 250 000 сом акча каражатын бөлдүрүү боюнча райондук фондуна сунуштоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүндөгү даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджетин тартыштыгына байланыштуу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаңы Базар айылындагы көчкү түшкөн участокко тосмо куруу үчүн күйүүчү май сатып алууга 250 000 сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |