Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабрындагы № 7
“Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмотүнүн ФЭБнүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун жана Чаткал айылдык Кеңешинин туруктуу “Буджет” комитетинин чичимин эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин №2 чечими канаттандырылсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө 2000,0 миң сом акча каражаты кириштелсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты төмөнкүлөргө чыгышталсын:
4. Чаткал айыл Өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына- 1567,0 миң сом;
5. Башкаруу тармагынын 2214 статьясына 98,0 миң сом:
6. Башкаруу тармагынын 2721 статьясына-335,0 миң сом коюлуп берилсин.
7. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын сарамжалдуу жана өз багытында жумшоо жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |