Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-декабрындагы № 8
“Райондук өнүктрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнүн райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүндөгү даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджетин тартыштыгына байланыштуу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндөгу сунуштары жактырылсын.
2. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны Базар айылындагы “Баластан” МЧББУнун имаратынын курулуш иштерин бүтүрүү жана керектелүүчү эмеректерди (инвентар) сатып алуу долбоорун ишке ашыруудагы керектелүүчү 3 606 783 (үч миллион алты жүз алты мин жети жүз сексен үч) сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны-Базар айылындагы “Алтын Өрөөн” МЧББУнун керектелүүчү эмеректерди (инвентар) сатып алуу долбоорун ишке ашыруудагы керектелүүчү 900 000 (тогуз жүз мин ) сом акча каражаты райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кенешинин төрагасы: |
| М.Козубаев |