Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-2
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын «Үч-кемпир» жамаатынын 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын «Үч-кемпир» жамааты өздөрүнүн эски «Үч-кемпир» айыл чарба кооперативинин мүчөөлөрүнүн мүлк үлүшү болгон эски тамеки сарайдын бош жаткан ордунан 0,06га.жер аянтын, жамааттын «Мулла Апткаар» мечитинин имам хатиби кызматын аркалап кележаткан атуул Сатыбалдиев Хошиятилла Нематиллаевичке турак жай куруу үчүн акысыз түрүндө менчигине бекитип берүү боюнча 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы жыйынынын протоколунун токтомун бекитип берүү сунушу менен айылдык кеңешке кайрылышкан.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши «Үч-кемпир» жамаатынын мүчөөлөрүнүн 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы жыйынынын протоколун талкулап, карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Чапаев айылында жайгашкан «Үч-кемпир» жамаатынын мүчөөлөрүнүн 2020-жылдын 10-декабрындагы жалпы жыйынынын протоколу, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Чапаев айылында жайгашкан «Үч-кемпир» атындагы айыл чарба кооперативинин мүчөөлөрүнүн мүлк үлүшү болгон эски сарайдын орду болгон,бош жаткан 0,06га. жер аянты, үлүш ээлеринин маклдугунун негизинде атуул Сатыбалдиев Хошиятиллога акысыз түрүндө менчигине бекитип берилсин.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |