Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 41
Айылдык кеңештин иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана грант долбоорлору боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Ф.К.Нурманбетованын маалыматын, айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Ясыровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин иш планына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
22-пункту боюнча – таштандыларды чогултуу чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу маселесин кароо боюнча жоопту болгон “айылдык кеңештин жеке турак жай куруу, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясы” “Бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоор боюнча туруктуу комиссиясына” алмаштырылсын.
2. Айылдык кеңештин планына ылайык туруктуу комиссиялардын иш планына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы З.С.Байгазиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |