Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/1
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын Визит кафесинин имаратына алмаштыруу жөнүндө
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын *Визит* кафесинин имаратына алмаштыруу тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Шамен көчөсүнүн №36 дарегинде жайгашкан Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн имаратын Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүндө, И.Арабаев атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан *Визит* кафесинин имаратына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |