Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-ноябры ПЖ № 323
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандарына жеңилдетилген шарттарда турак үйдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинде:
- 4-пункттун 9-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- турак үйдү үлүштүк курууну турак жайды каржылоо механизминин алкагында, анын ичинде "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында бир критерий колдонулат - катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын турак үйү жана Программага катышууга арыз берген датага чейин акыркы 3 (үч) жылда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйгө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрүнүн жоктугу.";
- 13-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өнөктөш банктар МИКтин автоматташтырылган маалыматтык системасындагы Программанын катышуучуларынын электрондук тизмесин карайт, "Топтомо ипотека" продуктун кошпогондо, катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодон кийин ипотекалык кредитти берүү же ипотекалык кредитти берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;";
- 6-главада:
1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Программанын катышуучусу (максаттуу топ) | Турак жайды каржылоо багыттары боюнча тандоо критерийлерине туура келген жарандар: - "Социалдык ипотека"; - "Жеңилдетилген ипотека"; - "Арзан ипотека". "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - турак үйдү үлүштүк куруу механизми боюнча тандоо критерийлерине |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | Турак үйдү сатып алуу, жер участогу бар болсо, этабы менен каржылоо механизмин пайдалануу менен турак үйдү (жеке турак үй) куруу. Катышуучу иштеген региондо турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берилет, ошол эле учурда: - Бишкек шаарында иштеген катышуучуларга республиканын региондорунда турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берүүгө жол берилет; - республиканын региондорунда иштеген катышуучуларга Бишкек шаарында турак үйдү сатып алуу үчүн кредит берүүгө жол берилбейт. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - турак үйдү үлүштүк куруу механизмин пайдалануу менен турак үйдү сатып алуу |
";
6-8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | Турак жайды каржылоо багыттары боюнча: - "Социалдык ипотека" 4000000 (төрт миллион) сомго чейин; - "Жеңилдетилген ипотека" 4000000 (төрт миллион) сомго чейин; - "Арзан ипотека" 5000000 (беш миллион) сомго чейин. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан ашык эмес |
7 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү | Максималдуу мөөнөтү каржылоо булактарына жараша 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес; - "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - 5 (беш) жылга чейин |
8 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоо критерийлери | Ипотекалык кредитти берүүнүн суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жана өнөктөш банктын ички документтеринин талаптарына ылайык төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизинде аныкталат. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - МИКтин өнөктөш банкында ачылган депозиттик эсепте катышуучунун баштапкы төгүмү турак үйдүн наркынан 30 (отуз) %дан кем эмес болгон шартта төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоосуз |
";
15-17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Баштапкы төгүм (жеке салым) | Багыттары, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча баштапкы төгүмдүн минималдуу суммасы: - "Социалдык ипотека" турак үйдүн наркынан 10 (он) %дан кем эмес; - "Жеңилдетилген ипотека" турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес; - "Арзан ипотека" турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан кем эмес. Катышуучунун жеке салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддорунун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - МИКтин өнөктөш банкында 6 айдан кем эмес мөөнөткө ачылган депозиттик эсепте турак үйдүн наркынан 30 (отуз) % |
16 | Ипотекалык кредит боюнча пайыздык ставкалар | Ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча үстөк баа боюнча жылдык кирешелүүлүк, төмөнкүдөй багыттарга ылайык: - "Социалдык ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Жеңилдетилген ипотека" жылдык 4 (төрт) %; - "Арзан ипотека" жылдык 8 (сегиз) %. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - жылдык 10 (он) % |
17 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу (күрөө) | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн: - сатып алынган турак үй; - жеке турак үйдү куруу мезгилиндеги жер участогу; - ипотекалык кредиттин эсебинен курулган жеке турак үй; - курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук; - ипотекалык кепилдик. МИК тарабынан кошумча каржылоосуз, турак үйдүн аянтын көбөйтүү шарты менен ипотекалык кредиттин предметин (күрөөнү) алмаштырууга жол берилет. "Топтомо ипотека" продуктунун алкагында - МИК менен өнөктөш банктын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана гарантия/кепилдик келишимине ылайык МИКтин гарантиясы/кепилдиги |
".
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна "Элдик Банк" ачык акционердик коому менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну, кепилдик келишимин түзүү жана жарандардын жеңилдетилген шарттарда турак үйдү сатып алуусу үчүн "Топтомо ипотека" продуктун ишке киргизүү сунушталсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С. Н. Жапаров |