Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/3
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтому менен бекитилген талаптар туралуу Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтомунун негизинде аныкталган тиешелүү тарифтер бекитилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |