Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/4
Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу тууралуу депутат Н.Усупбаеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде Ормон-Хан айыл аймагынын Э.Жунушалиева бала бакчасына 1 тайпа, Мээрим-Нур бала бакчасына 1 тайпа, АТА бала бакчасына 1 тайпа, Сакин-Апа бала бакчасына 2 тайпа, Алтын Балалык бала бакчасына 2 тайпа, Барчын Уя бала бакчасына 2 тайпа, Асел бала бакчасына 2 тайпа, Ийгилик-9 бала бакчасына 1 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, спорт, жаштар иштери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |