Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/5
«Кочкор» муниципалдык ишканасына акча каражат бөлүү жөнүндө
«Кочкор» муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгымдарды толуктоо үчүн акча каражатын бөлүү туралуу «Кочкор» муниципалдык ишканасынын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Кочкор» муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгымдарын толуктоо максатында айыл аймактын бюджетинен 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражат которулсун.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |