Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/7
“Кой-Таш” участкасынын ПДПсын түзүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын “Кой-Таш” участкасынын деталдуу чийүү планын (ПДП) түзүү үчүн 5 500 000 сомду айыл аймактын бюджетинен бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын Кой-Таш участкасынын деталдуу чийүү планын (ПДП) түзүү үчүн Ормон-Хан айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетинен 5 500 000 (беш миллион беш жүз мин) сом каралсын.
2. 2025-жылдын бюджетинин долбооруна аталган акча каражатын сунуштоо жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |