Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-7
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу, атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын жашап жаткан турак жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөр жана төлүктөөлөр киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын тургуну Абдугаффаров Абдулкосим айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, өзү жашап жаткан коро-сарайынын аянты, эскиден ата-бабаларынан калагандыгын, коро-сарйынын чек аралары кошуналар менен талаш-тартышсыз экендигин билдирип, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу «атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын жашап жаткан турак жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү» токтомундо техниклык катаачылык кеттирилип, коро сарайынын жалпы аянты 0,20га. деп жазылып калгандыгы негизинде коро-сарайынын жалпы аянты 0,25га. экендигин катаачылык менен жазылып калганын токтомду оңдоп берүүнү билдирип,айыл өкмөтүнө кайрылган.
Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген.
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссия 2020-жылдын 20-декабрындагы актында , иш жүзүндө атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын короо жайын жерине барып факт жүзүндө аянтын тактап чыкканда факт жүзүндө дагы узуну 83,5м., туурасы 30м.,жалпы аянты 2505 ч.м экендиги аныкталып, ошол эле үчүрдө жанаша жайгашкан кошуналар менен короо жайдын чектери боюнча талаш тартыш жок экендиги аныкталды.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезектеги XXXVI сессиясы Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 20-декабрында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколунун үйрөнүп чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн ,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн ,47-беренесинин 8-блүмчөсүнүн талаптары, Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 20-декабрында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколу жана атуул Абдугаффаров Абдулкасымдын арызы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы №873 сандуу, атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын жашап жаткан турак жайынын мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомун №1-пункутуна өзгөртүүлөр жана төлүктөөлөр киргизилсин, атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын коро сарайынын жалпы аянты 0,25га. экендиги белгиленсин.
3. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынан атуул Абдугаффаров Абдулкосимдын турак жайынын ушул токтомдун №2-пункутунда көрсөтүлгөн аянты боюнча каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |