Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/8
Муниципалдык жер аянтын ветеринардык кызматына берүү жөнүндө
Кочкор айылынын С.Орозбаков көчөсүндө жайгашкан соода комплексинин артында от жагуучу жайдын түндүк тарабында жайгашкан 384 чарчы метр муниципалдык жер аянтын Кочкор райондук ветеринардык кызматына лаборатория курууга бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын С.Орозбаков көчөсүндө жайгашкан соода комплексинин артында от жагуучу жайдын түндүк тарабында жайгашкан 384 чарчы метр муниципалдык жер аянтын Кочкор райондук ветеринардык кызматына лаборатория курууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |