Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 44
Айыл аймагындагы жолдордун абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин өнөр жай жана транспорт маселелери, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, суу ресурстары жана тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын (мындан ары өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссия) төрагасы А.К.Асадованын “Айылдын аймагындагы жолдордун абалы жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 8-майындагы корутундусуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Асадованын “Айылдын аймагындагы жолдордун абалы жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Айылдык кеңештин өнөр жай жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Асадованын техника сатып алуу (грейдер, самосвал) жөнүндө сунушу жактырылсын.
3. Айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоор боюнча туруктуу комиссиясы 2024-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча ашыкча калган акча каражаттардын эсебине техника сатып алуу(грейдер, самосвал) сунушун комиссиянын отурумунда карап чыгып Миң-Булак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы менен тийиштүү чечим кабыл алсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |