Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/9
Семиз-Бел айылынан жер аянтын берүү жөнүндө
Семиз-Бел айылында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынын каржыланган таза суу системасын куруу долбоору ишке ашуруунун алдында тургандыктан Семиз-Бел айылынын Керездин сазынан 2 га жана Султандын сазынан 1 га, баардыгы 3 га жайыт жерлерине трансформацияга макулдук берүү тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Семиз-Бел айылынын Керездин сазынан 2(эки) га жана Султандын сазынан 1(бир) га, баардыгы 3(үч) га жайыт жерлерине трансформацияга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Сагынбек уулу |