Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 46
Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Б.К.Саркуловдун Сретенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Сретенка айылдык кеңешинин “2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтому күчүндө калтырылсын, тагыраак:
– “Большевик айылынын аталышы “Эсен-Аман айылы” аталышына өзгөртүлсүн.
– “Заря” айылынын аталышы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |