Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-8
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Ташматов Шахабидиндин менчигиндеги жердин 0,60га айыл чарба багытындагы жерин иштетүү багытын көп жылдык бак тигүү түрүнө өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылынын тургуну Ташматов Шахобидин А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, Саюз тарап, Кыргыз Республикасында приватизация иштери жүргүзүлүп жаткан үчүрда «Ноокат автотранс» акционердик коомуунан 0,60га. аянтта жайгашкан малкана жана ага тийешелүү жерин 2003-жылдын 2-апрелиндеги №612 Сатуу, сатып алуу келишиминин негизинде сатып алгандыгы, 2003-жылдын 29-апрелиндеги №340 сан менен катталган, сериясы № 0020199 сандуу Мамлекеттик Акты жана 5-05-14-1001-3454 идентификациялык коду берилген.
Малкана кылып ишетип жүргөн мезгилде «Кыргыз-Ата» дарыясынын жеегинде жайгашкандыгына байланыштуу, тез-тез келген селдин натыйжасында малкананын имараттарын жүүп кеткен (ӨКМ-дин Ноокат району боюнча бөлүмүнүн атайын комиссиясынын 2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу менен анализ кылынган), мындан ары малкана кылып иштетткенге каражаты жоктугун айтып, аталган жерге көп жылдык мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн отургузуп бак тигип иштетуу үчүн мыйзам талаптарынын негизинде уруксат сурап айыл өкмөтүнө кайрылган. Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегнде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезектеги сессияда маселени карап чыгып, атуул Ташматов Шахобидиндин жери менчик жер, иштетип келген жердин категориясы айыл чарба багытындагы жер, суралып жаткан иштетүү багытынын түрү да айыл чарба багытында, мал чарба багытынан дыйканчылык багытына көп жылдык бак тигип иштетүү түрүнө которууга уруксат суралгандыгын белгилеп, маселени мыйзамдуу түрдө чечүү максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июнундагы №145 мыйзамынын 2гл. 12-беренесинин 2-пункутунун талаптары, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июнундагы №101 мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1-пункутунун № 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, ӨКМ-дин Ноокат району боюнча бөлүмүнүн атайын комиссиясынын 2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2007-жылдын 3-августундагы акты, атуул Ташматов Шахабидиндин арызынын негизинде айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июнундагы №145 мыйзамынын 2гл. 12-беренесинин 2-пункутунун талаптары, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июнундагы №101 мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун № 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, ӨКМ-дин Ноокат району боюнча бөлүмүнүн атайын комиссиясынын 2005-жылдын 13-июнундагы №187 корутундусу, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2007-жылдын 3-августундагы акты, атуул Ташматов Шахабидиндин 2020-жылдын 7-декабрындагы арызы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Атуул Ташматов Шахобидиндин өз арызынын негизинде Киров айылында жайгашкан, 2003-жылдын 2-апрелиндеги №612 Сатуу, сатып алуу келишиминин негизинде сатып алган, 2003-жылдын 29-апрелиндеги № 340 сан менен катталган, сериясы № 0020199 сандуу Мамлекеттик Акты жана 5-05-14-1001-3454 идентификациялык коду берилген, айыл чарба категориясындагы 0,60га. аянтта жайгашкан менчик жеринин пайдалануу түрүү, шартка жараша- мал чарбачылыгын өнүктүрүү түрүнөн, көп жылдык бак дарактарды тигүү түрүнө өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |