Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-сентябры № 19/11
“Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун
жерлерин пайдалануунун келечек планы” жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торук аркылуу жана түз берүү боюнча 5 жылдык мөөнөткө жазалган “Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы” тууралуу айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин торук аркылуу жана түз берүү боюнча 5 жылдык мөөнөткө жазалган “Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Сагынбек уулу |
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү
фондунун жерлерин пайдалануунун
КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ
МАЗМУНУ
Киришүү бөлүгү---------------------------------------------------------------------------------------
1 БӨЛҮМ. Ормон-Хан айыл аймагынын жерлеринин жалпы курамы-----
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (МФ)жерлеринин
курамы
2. МФнын жерлерин пайдалануу
3. МФнын пайдаланылбаган же жарым –жартылай пайдаланылган
жерлери
4. МФ нын жерлеринен калктуу конуштарды кеңейтүүгө калтырылган жер
участоктору
5. МФнын жерлерин пайдаланууга болгон талап.
2 БӨЛҮМ МФнын жер-пландоо аймактары ---------------------------------------------
1. МФнын экономикалык жактан кызыктырган жерлеринин аймагы
2. МФнын жакшыртуу үчүн инвестиция талап кылган жерлеринин
аймагы
3. МФ нын талап болбогон жерлеринин аймагы
3 БӨЛҮМ. МФнын жерлерин ижарага берүү-------------------------------------------
1 Жалпы жоболор
1.1 МФнын жер участокторун аукцион аркылуу ижарага берүү
1.2 МКФнын жер участокторун конкурс аркылуу ижарага берүү
1.3 МФнын жер участокторун ижарага түз берүү
1.3.1 МФнын жерлерин социалдык багыттагы субъектилерге
ижарага берүү.
1.3.2 МФнын талап болбогон жерлерин, ошондой эле экинчи конкурс
өткөн жок деп таанылгандагы жерлерди ижарага берүү.
1.3.3 МФнын жерлерин мамлекеттик үрөнчүлүк,асыл-тукум,
тажрыйбалык –уруктандыруу жана эксперименталдык чарбаларга ижарага
берүү.
1.3.4 МФнын жерлерин айыл аймагында жашаган
жакыр жарандарга жана үй бүлөлөргө ижарага берүү
Корутунду бөлүк.
2,1 МФнын жерлерине ижара келишимдерин түзүү жана келишимдерди
мамлекеттик каттоо
2.2 Акча каражаттарын бөлүштүрүү
1-тиркеме. Документтердин үлгүлөрү--------------------------------------------------
2-тиркеме. МФнын жерлеринин таблицаси-----------------------------------------
3-тиркеме. МФнын жерлеринин ижарачыларынын тизмеси--------------------
КИРИШ БӨЛҮГҮ
Ормон-Хан айыл аймагы Админицитративдик территориялык реформанын негизинде 2023-жылдын 25-май айында түзүлгөн, ал Нарын областынын Кочкор районунун курамына кирип, областтын борбору-Бишкек шаарынан 200 км аралыкта жайгашкан.
Айыл аймагынын орун алган аймактын климаты кескин континенталдуу болгондуктан, эң төмөнкү температура -5-30 градус, эң ысык мезгили +20+35 градусту түзөт.
Ормон-Хан айыл аймагында көп улуттуу калк жашайт жана калкынын саны боюнча райондогу эң ири айылдык аймак болуп саналат. Жер кыртышынын катмары аймактын бийиктигинен, рельефтен, катмарлардын мүнөзүнөн түздөн-түз көз каранды.
Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. кинотеатр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт.
Айыл аймагында 9 калктуу конуш бар:
Кочкор, Тендик, Большевик, Жаны-Жол, Кара-Суу, Семиз-Бел, Көк-Жар, Кара-Күнгөй, Кара-Саз.
Айыл аймактын калкынын саны 2024-жылга карата-31497 адамды же -6081 түтүн бар.
Айыл аймакта:
11-орто билим берүүчү мектеп.
11-бала бакча
1-маданият үйү, 6-клуб
1-тарыхый-край таануу музейи
1-кинотеатры
1- телеком
1-почта
11-банк, 1- кредиттик союз.
1-Борборлоштурулган оорукана, 5-ФАП,
1- спорт мектеби.
7- китепкана.
2- үрөнчүлүк чарба,
1-базар, 1-мал базар бар.
Айдоо жерлеринде жер кыртышынын катмары 2 типке бөлүнөт: типтүү боз топурак жана коңур –шалбаалуу боз топурак. Коңур боз топурактуу жерлер деңиз деңгээлинен 1780м бийиктикте таралган.
Эң көп өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү:
*Картошка –
*дан өсүмдүктөрү: буудай, арпа.
*Жүгөрүү тоют катары (силос)
*алма
*өрүк
* жашылчалар: капуста.картошка,помидор,пияз,сабиз, бадыраң.
1.БӨЛҮМ. Ормон-Хан айыл аймагынын жерлеринин жалпы курамы
Учурда Ормон-Хан айыл аймагынын жалпы-180 620,892 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер -1996,20 га, калктуу конуш жерлери-935,16 га, анын ичинен кайрак айдоо 77,0 га, чөп чабынды 176,30 га жери пайдаланууда.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу 2024-жылга карата 1486,0 га жери пайдаланууда, анын ичинен сугарылуучу 1341 га. Кайрак айдоо 145,0 га жер.
2024-жылга карата мөөнөтү бүтүүчү жерлер, анын ичинен кайрак айдоо ____га, чабынды ______ га жер «аукционго» коюлганы турат.
Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун (МФ) жерлеринин курамы
МФнын жерлеринин жалпы аянты-1996,20 га, анын ичинен сугат айдоо-1341,0 га, кайрак айдоо-______ га, кысыр аңыз-_______га
Ормон-Хан айыл аймагы боюнча 2024-жылдын карата инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча МФнын жерлеринин жалпы аянты -1996,20га, анын ичинен 1341,0 га сугат айдоо, _______га кайрак айдоо, _______га кысыр аңыз.
2. АКФ нын жерлерин пайдалануу
2024-жылга карата МФнын жалпы _______га, анын ичинен_______га сугат айдоо,_______ га кайрак айдоо, жер пайдаланылат.
2024-жылга карата коммерциялык конкурс (аукцион) аркылуу бир жылга берилген 1 (бир) га кайрак жердин ижара акысы-177 сом, анын ичинен жер салыгы-38,50сом, социалдык төлөмдөр-37сом.
3. МФнын пайдаланылбаган же жарым-жартылай пайдаланылган жерлери
2024-жылга карата МФ нын пайдаланылбаган же жарым жартылай пайдаланылган жерлери жалпы -42,7 га, анын ичинен 32,9 га кайрак айдоо,.
2024-жылга карата Мамкатоонун жер категориялары боюнча жалпы жер аянттары жөнүндөгү берган малыматтар.
МФнын жерлеринин чыныгы абалы тууралуу инвентаризацияны өткөрүү процессинде алынган маалыматтар. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча райондук башкармалыктын жер отчетторундагы маалыматтар менен инвентаризацияны өткөргөн Кыргызгипрожердин актысын ортосундагы айырмачылыктар төмөндө көрсөтүлгөн иш-чараларда жазылган.
4. Калк конуштарды кеңейтүүгө калтырылган жерлер.
Жеке турак жай куруу үчүн жер берүү өтүнүчү менен 2024-жылга карата 5300 үй бүлөдөн расмий арыз берилген. Бирок чындыгында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторуна муктаждардын саны мындан алда канча арбын. Калктуу пунктарды кеңейтүүнү эске алуу менен 2024-жылга карата жакшы жерден, айылдын четинен жалпы аянты-_______га, анын ичинен-______га кайрак айдоо; жайыт жеринден _____ га жер пландаштырылган.
Бул жерлер
1. |
Контур №438-5,0 га; Контур №307-28,0 га; кайрак айдоо: 2. №375 20,0 га таштак: 3. №180,188 контурундагы 10,0 га таштак.
Ак-Кырчоо участкасында контур №292 0,48 га жер аянты Большевик айылынын борбордук канализациясынын чыпкалоочу жайы үчүн трансформацияланды. №461 6,90 га жер мунапысы менен трансформация болгон.
Сай участкасы контур №240 9,90 га жер аянтынан темир жол үчүн.
№68 контурундагы 1,5 гектар көп жылдык бак дарактар 49-жылга арендага берилген, 2055-жылы мөөнөтү бүтөт.
№237 контурундагы 1,0 га бак 1990-жылы турак жай курууга берилген бүгүнкү күндө айыл тургундары турак жай салып жашоодо. Мунапыс менен мамлекеттик жер китептери берүлүүдө.
(Ормон-Хан айыл өкмөтү)
Үй салуу үчүн ар бир үй-бүлөгө бөлүнө турган жердин ченеми-0,05-0,06га
5. АКФнын жерлерин пайдаланууга болгон талап.
Ормон-Хан айыл аймагында МФнын кайрак айдоо жерлеринен жер алганга суроо-талап аз
II. БӨЛҮМ АКФнын жер-пландоо аймактары
1. МФнын экономикалык жактан кызыктырган жерлеринин аймагы
2024-жылдын январь айына карата экономикалык жактан кызыктырган жерлердин аймагынын аянты______га сугат айдоо
Ижарага келишимдеринин аяктоо мөөнөттөрү:
*2024-жылы пайдаланылбай бош калган сугат айдоо жери жок.
*2024-жылы ________га сугат айдоо жердин ижарага мөөнөтү аяктайт.
*2025-жылы 3,7 га сугат айдоо жердин ижарага мөөнөтү аяктайт.
*2026-жылы 36,1 га сугат айдоо жердин ижарага мөөнөтү аяктайт
Бул аймак боюнча пландалган иш-чаралар:
2025-жылдын декабрында
1. Ижара мөөнөтү аяктаган ______ га сугат айдоо жерге ижара укугун берүү боюнча: анын ичинен _____га аукцион өткөрүлөт, _____га аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар, _____га үрөнчүлүк чарбаларына. 5-жылдык мөөнөт менен.
Бул жерлер: 1.
2025-жылы Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү боюнча аукциондор өткөрүлөт.
2024-жылы 3,7 га сугат айдоо ижарадан бошогон жана жерден баш тарткандар болсо. ижара укугун берүү боюнча аукциондор өткөрүлөт.
2025-жылы Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ижарага укугун берүү боюнча аукциондор өткөрүлөт.
2026-жылы Ижарадан бошогон жана Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ижарага укугун берүү боюнча аукциондор өткөрүлөт.
2 МФнын жакшыртуу учун инвестиция талап кылган жерлеринин аймагы
Ормон-Хан айыл аймагынын жалпысынан инвестиция талап кылган жерлер-272,17 га
Кара-Суу айылы боюнча “Дөн Таш Текшербек” участкасы, контур №281-293, 28,27 га кайрак айдоо.
Жаны-Жол айылы боюнча «Пилорама» участкасы, контур №329 20 га суу баспаган жер.
Семиз-Бел айылы боюнча Терек, участкасы контур №247-5,2 га; Жеке Тайлак контур №403-69,4 га; Жеке-Тайлак участкасы контур №382-50,2: Жеке-Тайлак участкасы контур №405-45,3га жалпысынан суу баспаган бош турган жерлер болуп эсептелет.
Ижара келишимдеринин аяктоо мөөнөттөрү:
*2024-жылы пайдаланылбай бош калган жалпы 154,35 га, анын ичинен 6,50 га сугат айдоо, 95,05 га кайрак айдоо. 52,80 га кысыр аңыз жер бар.
*2024-жылы жалпы 76,10 га.анын ичинен 20,0 га сугат айдоо 31,70 га кайрак айдоо 24,40 га кысыр аңыз жердин ижара мөөнөтү аяктайт.
Эскертүү
*2024-жылы 12,20 га кайрак айдоо жердин ижара мөөнөтү аяктайт.
*2024-жылы 3,95 га кайрак айдоо жердин ижара мөөнөтү аяктайт.
Бул аймак боюнча пландалган иш-чаралар
2024-жыл
1. МФнын пайдаланылбай бош калган: сугат кайрак айдоо жана кысыр аңыз жерлерине ижара укугу берүү түздөн-түз жолу менен берилет.
2. Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо. Ижара укугун берүү боюнча инвестициалык конкурс өткөрүлөт.
2024-2025-жылдар
Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо ижара укугун берүү боюнча инвестициялык конкурс өткөрүлөт.
2024-жыл
1. АКФнын жалпы 272,17га. анын ичинен 20,0 га сугат айдоо 31,70 га кайрак айдоо.
24,40 га кысыр аңыз жерлерине ижара укугун берүү боюнча инвестициалык конкурсттар өткөрүлөт
2. Жер бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ижара укугун берүү боюнча инвестициалык конкурс өткөрүлөт
Эскертүү: Семиз-Бел айылындагы төмөндөгү контурлардагы кысыр аныз болгон 214 га жер аянты инвестициялык конкурс өткөрүлөт.
2024-жылы Жеке Тайлак участкасы контур №403 -69,4 га, №382 -43,9 га, №298 -50,2 га, №405 -45,3 га, Терек участкасы №247 -5,2 га
Жеке Тайлак участкасындагы 214 га кысыр анызга суу чыгаруу үчүн Суу насосун орнотууга 260 киловат подстанция куру-260 000сом, суу насосунан 75 киловатт-100 000 сом диаметри 150 мм труба 200 метрге 500 сомдон -10 000 сом электр өткөргүчтөрүн тартуу, зым карагай орнотуу учун -50 000 сом. Ал жерлердин таштарын тазалап топурак ташуу, органикалык жер семерткичтерди берүү зарыл Бул үчүн таштарды тазалоого 120 каттам үчүн 1000 сомдон 120 000 сом, таштарды кол менен терүү тазалоо үчүн 100 адамга бир күнгө 1000 сомдон 100 000 сом, жер семирткичтерди берүү үчүн гектарына 150-200 кг бергенде 214 га жерине 42800 тонна жер семирткичтери берилет. Жер семирткичтердин баасы 1500 сомдон болгондо 64200,0 сомду түзөт. Жалпысынан бул жерлерге 64 840 000 сом акча каражаты иштелет.
“Дон-Таш Текшербек”, контур №281-293 участкасындагы 28,27 кысыр аңызга суу чыгыруу учун мурдагы союз кезиндеги суу насосун жаңылоо зарыл. Бул учүн диаметри 220 мм болгон трубаны 1500 метр жерге коюу керек -750000 сом. 400 киловаттык трансформатор орнотуу зарыл-400000 сом. Монолит лоток 150 метрге- 150000 сом.электрдик өткөргүч тартуу 500 метрге-25000 сом. Темир бетондуу тосмо 10 метрге- 70000 сом техниканын (бульдозер.автокран.экскаватор) акчасы, кол иши жана айлык акы-700000 сом бардыгы 2095000 сом инвестициялык каражат керектелет.
Участкасындагы №15-3,0 га, №64-6,2 0га №69-3,0 га сугат айдоо жерге суу чыгаруу жана рекультивация жасоо үчүн төмөнкү жумуштарды жасоо зарыл. Таштан тазалоо, топурак ташуу. Жер семирткичтерди себүү. Суу насосун орнотуу. Бул иш-чарага таштарды кол менен терип. Машина аркылуу ташуу үчүн 80 каттама 1000-сомдон- 80000 сом.машинага жүктөө үчүн 320 машинага 200 сомдон-64000 сом, жер семирткичтерди ташуу үчүн -216000 сом. Суу насосун орнотууга 260 киловат подстанция куруу-260000 сом, суу насосунна 75 киловатт-100000 сом диаметри 150 мм труба 200 метрге 500 сомждон -10000 сом электр өткөргүчтөрүн тартуу, зым карагай орнотуу үчүн -50000 сом,жалпы 780000 сом инвестициалык каражат талап кылынат.
Ижарага берүү
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
2. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (мынданары - РАӨБ) өкүлү кирет:
- Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет;
Жер комиссиянын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат.
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалат.
4. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
5. Жер комиссиясы:
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдү өлчөмүн белгилейт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;
- ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтому менен (мындан ары Типтүү жобо) белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
6. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер:
- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;
- аукциончу.
Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
7. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар ушул Типтүү жободо белгиленген формад арыз (N 1 тиркеме) беришет жана ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда каралган документтерди берет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
8. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жанаа тайын журналга каттайт.
Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө бир күнү калганда токтотулат.
9. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо (N 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү.
Тоорукка катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- аукционго, конкурска катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин кү бөлөн дүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү.
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн жеке, чапталган конвертке салып беришет.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
11. Катчы ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
12. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө, алтууралуупротоколтүзүлүп (N 3 тиркеме), андабардык жолберилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле 31-пунк ту наылайык тооруккакатышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
13. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө;
- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизмебоюнча зарыл болгон документтердин.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүүмененкайтарылыпберилет.
14. Конкурска катышуу үчүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30.
15. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
16. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
17. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баштартканда;
- жеңүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
18. Калган учурларда кепилдик төлөм кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеңүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
Калган учурларда кепилдик төлөм:
- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;
- тоорук бүткөн убактан тартып;
- тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
19.Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
Аукцион
20. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катарыаны катталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
21. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшүкерек.
22. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу.
23. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерини арага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
- аукционду өткөрүүшарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпы га маалымдоо каражаттарында жарыялайалат.
24. Аукциондун "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бир дей болот.
2.1. Аукционду өткөрүү
25. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
26. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
27. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көзкарашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
28. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын биридагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
29. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. (N 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
30. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
31. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 6 тиркеме) түзүлөт.
32. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) ушул Типтүү жобонун 48-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
33. Ушул Типтүү жобонун 50-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.
Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес.
Эгер экинчи тоорук ушул Типтүү жобонун 50-пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
34. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
Конкурс
35. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 52-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.
36. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүнкурамыгектарменен;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
37. Конкурс Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат). Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
38. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
- бир катышуучу катышса;
- ушул Типтүү жобонун пунктун аылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
39. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
40. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
41. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
Конкурс өткөрүү
42. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
43. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
44. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
45. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
46. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
47. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (N 5 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
48. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими түзүлөт.
Ушул Типтүү жобонун 66-пунктунда белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн
49. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
50. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
Түз берүү
51. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлө жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз- үй бүлөлөр жана жарандар;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле ушул Типтүү жобонун пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;
- үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;
- социалдык багыттагы субъекттер.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун” 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 81, 82-пункттарына, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык, айыл чарба багытындагы жайыт жана айыл чарба эмес жерлердин түрүнөн, айыл чарба багытындагы сугат айдоо, кайрак айдоо же кысыр аңыз түрлөрүнө которулуп, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына кошулган жер аянттар, талап болбогон жерлердин зонасына киргизилип, ушул жерлерди өздөштүрүүгө алууга кызыктар катары тиешелүү документтерин топтогон арыз ээлери.
52. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - айыл өкмөтү үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине түз берүү үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери бар экендиги жөнүндө РАӨБгө билдирүү жиберет.
РАӨБ 14 календардык күндүн ичинде үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине мындай жерлердин бар экендиги жөнүндө кат жүзүндө билдирет.
Үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери 14 календардык күндүн ичинде тиешелүү айыл өкмөтүнө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын кат жүзүндө киргизишет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз алуу боюнча сунуштар берилбеген же баш тартылган учурда Жер комиссиясы бул участкаларды аукцион же конкурс өткөрүү жолу менен бергенге укуктуу.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага берүү
53. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.
54. Жер комиссиясы арыздарды жана ушул Типтүү жобонун 71-пунктунда каралган тиешелүү документтерди карайт, андан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.
55. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага берүү
56. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.
57. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.
58. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялыкчарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү
59. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү Келечек планына ылайык тиешелүү жер пландоо зоналарынан жүргүзүлөт.
60. Үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына берилүүчү бир айылдык аймактын чегиндеги Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугарылуучу жер участкалары мамлекеттик Келечек планында каралууга тийиш.
Келишим жана келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү
Келишим
61. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.
62. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
63. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, аштык буудай данын өстүрүү үчүн жерлердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу жөнүндө милдеттер, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.
64. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.
65. Ушул Типтүү жобонун 3-пунктунда белгиленген талаптарды эсепке алуу менен ижара акысы бир жолу же мезгил-мезгили менен төгүлүүчү төлөмдөрдүн так аныкталган суммасы түрүндө киргизилиши мүмкүн, алардын төлөө мөөнөттөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Бул учурда Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү мөөнөтү 1-ноябрдан кечикпей аяктай турган айыл чарба жылы катары эсептелет.
66. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;
- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо.
67. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө ушундай, келишим түзүүгө ниеттенгени жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарачыга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Эгерде ижарачы ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикири берилбеген шартта келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби, анын ичинен төлөмдүн чегин аныктоо жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кунары кеткен жерлери айылдык товар өндүрүүчүлөргө, чарбакер субъекттерге ушул Типтүү жобого ылайык ижарага берилиши мүмкүн.
68. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.
IV. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
69. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат.