Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-ноябры № 728-т
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясынын 2-пунктуна, 20-статьясынын 10-пунктуна, 25-статьясынын 2-пунктуна жана 32-статьясынын 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 24-октябрындагы № 01-49-5995 кайрылуусун көңүлгө алып:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр - Тамчы айыл аймагында жайгашкан, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясындагы, идентификациялык коду 2-03-02-0001-0466 болгон, жалпы аянты 6,0 га жер участогу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте белгиленген тартипте:
- бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугун каттасын;
- бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |