Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 48
Үлүштүк гранттар боюнча конкурска катышуу үчүн долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун үлүштүк гранттар боюнча конкурска катышуу үчүн долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобосуна ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат :
1. 2024-жылга үлүштүк гранттар боюнча конкурска катышууга жөнөтүлүүчү долбоорлордун төмөндөгү тизмеси бекитилсин:
1) Колхозчулардын сарайында эшик терезелерин алмаштыруу;
2) Сретенка айылында футбол талаасын куруу;
3) А.Арбуду орто мектебинин терезелерин алмаштыруу;
4) Садовое айылындагы эс алуучу парктын тегерегин тосуу жана жакшыртуу;
5) Беш-Көрүк айылындагы бала бакчага брусчатка салуу;
6) Арыков атындагы орто мектебинин имаратын оңдоо;
7) Сретенка айылындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу;
8) Сретенка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоо;
9) Садовое айылындагы кичи футбол талаасын кайра куруу;
10) Александровка айылындагы маданият үйүн оңдоо;
11) Муниципалдык обьектилерге кыш күз от жагуу мезгилинде жылуулук берүү үчүн от жагуучу бөлмө куруу (Н.П.Мирошниченко атындагы орто мектеби, айыл өкмөтү, Садовое айылындагы маданият үйү)
2. Үлүштүк гранттар боюнча конкурска катышуу үчүн долбоорлордун үлүштүк каржылоосу 30%дан 50%га чейин деп белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |