Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-9
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу токтомун, атуул Рахмонбердиева Ойимхондын жашап жаткан турак жайын өздөштүрүү, мыйзамдаштыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын тургуну Рахмонбердиева Ойимхон айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылып, өзү жашап жаткан коро-сарайынын аянты, эскиден маркум күйөөсүнөн мурас болуп калганын, коро-сарйынын чек аралары кошуналар менен талаш-тартышсыз экендигин билдирип, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу « жашап жаткан турак жайлларды өздөштүрүү, мыйзамдаштыруу жөнүндө токтомунда атуул Рахмонбердиева Ойимхондин жашап жаткан турак жайынын аянты техниклык катаачылык кеттирилип, коро сарайынын жалпы аянты 0,06га. деп жазылып калгандыгын , негизинде коро-сарайынын жалпы аянты Чечме-сай айылдык кеңеши тарабынан 1990-жылы жүргүзүлгөн «Инвентаризация»-нын натыйжасында түзүлгөн « инвентардык дело»-да жазылышы боюнча 1257,7 ч.м. экендигин, катаачылык менен жазылып калганын жогорудагы ситемалык токтомду оңдоп берүүнү билдирип,айыл өкмөтүнө кайрылган. Айыл өкмөтү маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү үчүн айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизген.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-декабрындагы, кезектеги сессиясында сунушту карапчыгып, талкуулап жана Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссия мүчөөлөрү 2020-жылдын 20-декабрындагы актынын негизинде , иш жүзүндө атуул Рахмонбердиева Ойимхондын короо жайын жерине барып факт жүзүндө аянтын тактап чыкканда факт жүзүндө дагы орточо узуну 30,6 м., орточо туурасы 41,1 м., жалпы аянты 1257,7 ч.м экендиги аныкталып, ошол эле үчүрдө жанаша жайгашкан кошуналар менен короо жайдын чектери боюнча талаш тартыш жок экендиги аныкталды. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттардын кезектеги XXXVI сессиясы Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 20-декабрында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколунун,Чечме-сай айылдык кеңешинин 1990-жылы январь айында жүргүзгөн инвенаризациясынын негизинде түзүлгөн 5-05-14-1001-0452 сандуу идентификациялык код берилген «Инвентардык делоо»-сунун материалдары негиз, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук атылары жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн , 47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн талаптарына таянып айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 20-декабрында түзүлгөн комиссиянын сунуш протоколунун, Чечме-сай айылдык кеңешинин 1990-жылы январь айында жүргүзгөн инвенаризациясынын негизинде түзүлгөн 5-05-14-1001-0452 сандуу идентификациялык код берилген «Инвентардык делоо»-сунун материалдары негиз, Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук атылары жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 17-беренесинин 1,2-пункуттарынын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн , 47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн жана атуул Рахмонбердиева Ойимхондын арызы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы №741 сандуу, атуул Рахмонбердиева Ойимхондын жашап жаткан турак жайын өздөштүрүү,мыйзамдаштыруу жөнүндөгү токтомунун 1-пункутуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин жана атуул Рахманбердиева Ойимхондын коро сарайынын жалпы аянты 1257,7 ч.м. экендиги белгиленсин.
3. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынан атуул Рахмонбердиева Ойимхондын турак жайынын ушул токтомдун №1-пункутунда көрсөтүлгөн аянты боюнча каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевтерге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |