Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 49
Долбоорду биргелешип каржылоо жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Өнүктүрүү саясат институту өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгон уюм тарабынан каржыланган “Жалпыга бирдей орто билим берүүнү турмуш тиричилик жактан тейлөөнү татыктуу камсыз кылуу – биздин ыйык милдетибиз” (Александровка айылынын А.Исмаев атындагы орто мектебине интерактивдүү такталарды сатып алуу) долбоорун биргелешип каржылоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен Өнүктүрүү саясат институту өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгон уюм тарабынан каржыланган “Жалпыга бирдей орто билим берүүнү турмуш тиричилик жактан тейлөөнү татыктуу камсыз кылуу – биздин ыйык милдетибиз” (Александровка айылынын А.Исмаев атындагы орто мектебине интерактивдүү такталарды сатып алуу) долбоорун биргелешип каржылоого 70921 (орто билим) бөлүгүнүн 3112 статьясы боюнча 19 500 (он тогуз миң беш жүз) сом каралсын.
2. Өнүктүрүү саясат институту өнөктөштүгүнүн мүчөсү болгон уюм тарабынан каржыланган “Жалпыга бирдей орто билим берүүнү турмуш тиричилик жактан тейлөөнү татыктуу камсыз кылуу – биздин ыйык милдетибиз” (Александровка айылынын А.Исмаев атындагы орто мектебине интерактивдүү такталарды сатып алуу) долбоору жактырылгандан кийин айыл өкмөтүнүн бюджетинен биргелешкен каржылоого 70921 (орто билим) бөлүгүнүн 3112 статьясынан 19 500 (он тогуз миң беш жүз) сом бөлүнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |