Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 36
Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине автобекетти
кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 19 - беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39 - беренелерине ылайык, «Станциялык курулмаларды (темир жол станцияларын, автобекеттерди, автостанцияларды жана автокассаларды), станциялык курулмаларга жанаша аймактарды жеке менчикке берүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, ошондой эле жеке менчикке мыйзамсыз берилгендерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чаралар жөнүндө» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 2023-жылдын 23-майы ПЖ № 133 ЖАРЛЫГЫН аткаруу максатында, менчик ээсинин Бажан А.Г. - арызынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайгашкан дареги: Кара-Балта ш. Ж.Батыр № 64 7-0313-0031-0217 идентификациялык коду менен жалпы аянты - 6000 м2 болгон автобекетти Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Кара-Балта шаарынын мэриясы автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл филиалында жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри - М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.
Таркатылысын: көктөмөгө, Кара-Балта ш. мэриясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл филиалына
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев