Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 21-июну № 50
Долбоорду биргелешип каржылоо жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун Садовое айылындагы Н.П.Мирошниченко атындагы мектеби боюнча долбоорун биргелешип каржылоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык
Айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен Садовое айылындагы Н.П.Мирошниченко атындагы мектеби боюнча долбоорун биргелешип каржылоого акча каражат каралсын.
2. Садовое айылындагы Н.П.Мирошниченко атындагы мектеби боюнча долбоору жактырылгандан кийин керектүү долбоорду биргелешип каржылоого керектүү суммадагы акча каражат айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.К.Саркулов |