Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 13-сентябры № 38
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана “2024-жылга Республикалык бюджет жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы No 6 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-пунктун кийинкидей окулсун: « No 1 тиркемеге ылайык Кара-Балта шаарын мэриясынын алдындагы “Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын штаттык тизмеси 121,5 бирдик өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен: жетекчи жана финансы-экономика сектору – 12 бирдик, муниципалдык менчик башкармалыгы – 16 бирдик, “Манас” СК – 63 бирдик, Ленин атындагы шардык маданият сарайы – 30,5 бирдик».
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кара-Балта шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүн көзөмөлгө алсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
______________________________________________________________
Жөнөтүү: иш кагаздарына, Кара-Балта шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгы
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев