Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36 сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 36-10
Барын айылында уюшулган «Чашма» дыйкан чарбасынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы жыйынынын токтомун бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында уюшулган «Чашма» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрү өзүнүн 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы жыйынын протоколун кабыл алышып, дыйкан чарба мүчөөлөрүнүн эски колхоздун айыл чарба гаражынан тийген мүлк үлүшү болгон токардык цехтин ордун, элге токардык кызмат көрсөтүү үчүн айыл тургуну уста Абдусаламов Абдулатифке 100 ч.м. аянтын акысыз түрүндө мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү сунушун бекитип берүү боюнча айылдык кеңешке кайрылышкан.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши «Чашма» дыйкан чарбасынын жамаатынын мүчөөлөрүнүн 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколун талкулап,карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункунун 15-бөлүмчөсүн, «Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 1гл. 7-беренесинин 1-2-пункуттарынын талаптарына таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын Барын айылында жайгашкан «Чашма» дыйкан чарбасынын жамаатынын мүчөөлөрүнүн 2020-жылдын 24-ноябрындагы жалпы жыйынынын протоколу, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүдө» мыйзамынын 2гл. 4-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 3гл. 1-пункутунун 15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,«Кыргыз Республикасынын жер кодекси»нин 1гл. 6-беренесинин 1,2-пункуттарынын, 1гл. 7-беренесинин 1-2-пункуттарынын талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын
2. Барын айылында жайгашкан эски колхоздун айыл чарба техникаларынын гаражы болгон жерде жайгашкан «Чашма» дыйкан чарбасынын мүчөөлөрүнүн мүлк үлүшү болгон, 100 (жүз) ч.м. жерди ээлеген, токардык цехтин иштетүү үчүн атуул Абдусаломов Абдулатифке мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берилсин.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы Ш.Гафаровго жана жер адиси Ю.Сайтбаевке тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Тохтаев |