Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААР АЙМАГЫНЫН КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 22-августундагы № 140/30-8

 

“Кара-Көл шаардык кеңешинин 02.12.2020-ж. №236/44-7 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын имаратынын бош турган 3-бөлүгүнүн жер аянтынын кырдаалдык чиймесине ылайык 2389.49 м2 жер тилкесин ММБна өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө мэрдин орун басары Г.О.Сатарованын кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 02.12.2020-ж. №236/44-7 сандуу токтомун 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

- 1. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын балансындагы имараттын бош турган 3-бөлүгүн 2389.49 м2 жер тилкеси менен бала бакча ачуу үчүн муниципалдык менчик башкармалыгына акысыз, кайтарымсыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.А.Кимсанов